“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы «Кызыл зонада» 16 адам дарыланууда

12 Июль 2021 жыл 13:10
Көрүүлөрдүн саны: 228

Ак-Талаа районунда  быйыл  COVID-19 үстүбүздөгү жылдын май айында катталган. Андан бери жалпы 21 бейтап аталган илдет менен жабыркап, 9 бейтап дарыланып чыккан. Ал эми 8 бейтап учурда райондук жалпы дарыгерлик борборунда дарыланууда. Ошондой  эле үй карантинде көзөмөлдө турган 4 бейтаптын, экөө 14 жашка чейинки өспүрүмдөр.

«Кызыл зонада» 16 бейтап дарыланууда

Мындан сырткары, внебольничная пневмония менен  жыл башынан бери 76 оорулуу катталып, 67си  айыгып чыккан.

Учурда ооруканада 8 адам коронавирус, 8 адам пневмония илдетинен дарыланууда.

Кенже Карагулова акимдин орун басары

Акимдин орун басары Кенже Карагулова: «Райондо кандай кырдаал болбосун даярдыктабыз. Дары-дарымектин запасы эки айга жана коргонуучу атайын каражаттар (СИЗ) үч айга жетишерлик. Эгер зарыл болсо күндүзгү дарылоочу жайлар дагы даярдалган.  Илдеттин үчүнчү толкунуна карата 8 койкалуу инфекция жана 22 койкалуу соматика бөлүмү иштеп жатат»,- деди.

 

Барчын Мамытбекова