“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада COVID-19 илдетине байланыштуу жөө жүрүш болду

16 Июль 2021 жыл 8:32
Көрүүлөрдүн саны: 247

Учурда өлкө аймагында коронавирус илдетинин күч алып жаткандыгына байланыштуу  Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында  коомчулукка маалымдуулукту жеткирүү, ооруну алдын алуу максатында жөө жүрүш болду.

Жөө жүрүш борбордук көчөлөрдө болду

Жөө жүрүшкө Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы, Баетов айыл өкмөтү, райондук ички иштер бөлүмү, райондук медицина жана маданият тармактарынын кызматкерлери катышты.

Жөө жүрүшкө райадминстрация, медкызматкерлер  кызматкерлери ж.б катышты

Жөө жүрүшкө тиешелүү кызмат унаалар катышты

Жөө жүрүштө ар бир жаран өзүнүн жана  үй-бүлөсүнүн ден-соолугуна кам көрүү, бет кап, антисептикалык каражаттарды пайдалануу керектиги тууралуу маалыматтар берилди.

Илдетти алдын алуу боюнча чакырыктар жасалды

Медицина кызматкерлери ар кандай лозунгдар менен илдетти алдын алууга чакырды

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Элмира Токтогулованын билдиригенине караганда жарандарга зарылчылыгы болбосо Бишкек шаарына же республикабыздын башка аймактарына каттабай туруу, куран окутуу, конок тосуу, тойлорго баруу сыяктуу иштерге чектөө киргизүүлөр, ар бир аймактардагы мекеме-ишканаларда, соода-түйүндөрүндө, кафе, ресторандарда, мечиттерде, базарларда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу санитардык-гигиеналык эрежелерди так сактоо тууралуу эскертүүлөр берилди.

Темага байланыштуу окуңуз:
Кара-Суу айылы: Өз ыктыяры менен вакцина алгандар көбөйдү

 

Барчын Мамытбекова