“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Быйыл кышка даярдык маселеси кыйын болуп турат…

14 Август 2021 жыл 9:42
Көрүүлөрдүн саны: 157

Ак-Талаа районун көмүр менен камсыз кылуучу “Турук” көмүр кенинде тазалоо иштери жүрө элек. Тактап айтканда былтыркы жылы көмүр казган и шканалардын бири дагы учурда көмүр тартуу иштерине даярдыктарды баштай элек дейт Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Алмаз Абдылдаев.

Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

“Ал эми Кара-Кече кени алыс болгондуктан тартуу иштери бир аз кыйынга турат. Мындан сырткары көмүрдө дагы  айырма бар. Ошол себептүү биздин район үчүн ”Турук” кенинен көмүр жагуу пайдалуу. Айылда бакча, мектептер жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү өз учурунда көмүр менен камсыздоо үчүн эки ирет тендер жарыяладык. Бирок тилекке каршы эч ким катышкан жок” деди.
Баетов айылындагы социалдык обьектилер үчүн 524 тн.көмүр отуну керектелет.

Барчын Мамытбекова