“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жергиликтүү кеңештин кезексиз сессиясы өттү

14 Август 2021 жыл 13:56
Көрүүлөрдүн саны: 139

Бүгүн Баетов айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз  V өтүп, анда бир канча маселелер каралды.

Депуттар күн тартибин кароодо

Айрым маселелерди кайрадан карап чыгууга жиберишти

Тактап айтканда, сессиянын  күн тартибинде Баетов айыл аймагында  таштанды төгүүчү полигон, шагыл, топурак алуучу карьер, малдын өлүгүн таштоочу жай ( яма беккари), мал базар, балык өстүрүүчү жер жок болгондуктан жайыт жерлерди которуштуруу,  муниципиалдык бош жаткан жерлерди кайсыл бир мөөнөткө чейин  туз сатууга  мораторий киргизүү ж.б ушу өңдүү маселелер коюлду.

Руслан Абышбаев жергиликтүү кеңештин депутаты

Депутат Руслан Абышбаев балык өстүрүү үчүн жайыт жерлерин которуштурууга айыл тургундары жана жайыт пайдалануучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин айтышты.

Сатар Каленов жергиликтүү кеңештин депутаты

Ал эми Сатар Каленов күн тартибиндеги 2-маселе боюнча  муниципиалдык менчиктеги жерлерди тактаганга чейин түз сатууга убактылуу мораторий киргизүү сунушун айтты. Депутаттар бул сунушту бир добуштан колдоого алышты.

Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев «1 жылга убактылуу мораторий киргизүү зарыл. Анткени ал жерлерге кийин эс алуучу же балдар ойноочу жайлар салынышы мүмкүн. Сатып алууну каалагандар көп. Кийин жер таппай калышыбыз мүмкүн» деп кошумчалады.

Барчын Мамытбекова