“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жергиликтүү кеңештин сессиясына ар бир жаран катышууга укуктуу

24 Август 2021 жыл 20:05
Көрүүлөрдүн саны: 371

Жергиликтүү кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болууга тийиш. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана ар бир жаран жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген Регламентке ылайык жергиликтүү кеңештин бардык сессияларына катышууга укугу бар.
Жергиликтүү кеңештин катышууну каалаган жарандарга чектөө коюлбайт. Бирок алар регламентте белгиленген эрежелерди сактоосу зарыл.
Баетов айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Нургул Сатылганова бул мыйзамда дагы белгиленген дейт.

Нургүл Сатылганова Баетов айылдык кеңешинин депутаты

«Жергиликтүү кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болууга тийиш. Ар бир жаран сессияга катышууга толук  укугу бар. Бул укук КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесинде жазылган»


Жергиликтүү кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарга алдын ала маалымдоо боюнча бардык чараларды көрүүгө, сессияга кирүү үчүн шарттарды түзүүгө, ошондой эле жергиликтүү кеңеш кабыл алган чечимдер жөнүндө калкты маалымдоого милдеттүү экендиги КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесинде белгиленген.
Жогорудагы сурамжылоодо айтылып кеткендей жарандар жергиликтүү кеңештин сессиясына катышпайт. Себеби эмнеде? Бул тууралуу жергиликтүү кеңештин депутаты Нарынбек Өмүркул уулу мындай деди:

Нарынбек Өмүркул уулу Баетов айылдык кеңешинин депутаты

«Негизи жарандар үчүн сессия ачык болот. Бирок элдерге толук маалымат жетпей калып жатат. Жарандар сессияга катышууга кайдыгер эмес. Биз сессиянын өтөрү, күн тартиби тууралуу,  жана өтүү убактысы тууралуу маалымат беришибиз керек. Буга чейинки сессияларда маселеси каралбаган жөнөкөй жарандар катыша элек»
Өздөрүнүн карамагына кирген маселелерди жергиликтүү кеңеш карап жаткан учурда айыл өкмөтүнүн, же башка тиешелүү органдардын өкүлдөрү өздөрүнүн катышуусу тууралуу жергиликтүү кеңештин төрагасы менен алдын ала макулдашпай туруп эле ачык жыйналыштарга катышууга укугу бар.
Бирок Нургул Сатылганова жергиликтүү кеңеш жабык сессия өтө турган жагдайлар тууралуу буларды айтты:
«Жергиликтүү кеңеш, эгерде каралып жаткан маселе мыйзамга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, жабык сессия жана туруктуу комиссиянын жабык жыйналышын өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн»
Эгерде сессияга жарандар катыша турган болсо, жергиликтүү кеңештин төрагасы сессияны ачар алдында депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсү зарыл . Сессияга катышып жаткан адамдар үчүн жыйналыштар залында өзүнчө орун бөлүнөт.

Долбоор Фридрих Эберт фондусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынды. Берүүдө айтылган ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Барчын Мамытбекова