“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Сүрөт: Акталаалыктар балбан кызын салтанат менен тосуп алышты

25 Август 2021 жыл 9:51
Көрүүлөрдүн саны: 435

2021-жылдын 13-август күнүнөн тарта 22-августка чейин Башкырстандын Уфа шаарында эркин күрөш боюнча жаштар арасында өткөрүлгөн Дүйнө биринчилигинде 55 килограмм салмактагылар арасында күрөш боюнча атаандаштарынын үстүнөн жеңишке жетип, Кыргызстандын капчыгына күмүш медаль алып кайткан Калмира Билимбекованы «Кош кел Чемпион!» аталыштагы ураан менен жердештери салтанаттуу тосуп алды.

Калмира Билимбекованы кичи мекенинде ак тилек менен нан ооз тийгизип тосуп алды


Балбан кыздын жеңишине арналган салтанат Ак-Талаа районунун аркасынан башталып, катар тизилген кортеж Баетов айылындагы Тайлак баатырдын эстелигинин жанына келип токтоп, жергиликтүү тургундар, жаштар тарабынан кыргыз элинин салтына ылайык даам ооз тийгизилип, гүл менен тосуп алышты. Андан соң, Тайлак баатырдын эстелигинен тарта Дөрбөлжүн аянтына чейин борбордук Манас көчөсү аркылуу жөө жүрүш менен уланды.

Калмира Билимбекованы коштогон жөө жүрүш

«Сыйлык сиздики-сыймык биздики» жөө жүрүш Калмираны коштоп келүүдө

Салтанаттуу иш-чара андан ары Дөрбөлжүн аянтында миңдеген элдин катышуусунда өткөрүлүп, анда акимдин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов, айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев, ардагер Жайлообай Абдиев, Замирбек Турдукулов, балбан кыз Калмиранын атасы жана тренери Билимбек Капарбеков, апасы Калбү Аппасияева, Калмира Билимбекова жана бир катар мекеме-ишкана жетекчилери куттуктоолорун билдирип, белектерин тапшырышты.

Дөрбөлжүн аянтында Калмираны минге жакын жердештери күтүп алды

Калмира окуган мектептин жетекчилиги белектерин тапшырды

Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев 100миң сомдун сертификатын тапшыруу учурунда

Калмира Билимбекова атасы жана тренери Билимбек Капарбеков менен

Дүйнө биринчилигиндеги күмүш медалды багынткан К.Билимбековага Баетов айыл өкмөтү жана айылдык кеңеши тарабынан 100 миң сомдун, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясы 10 миң сомдун сертификатын тапшырды.

АКимдин орун басары Абдумалик Сулайманов сыйлык тапшырууда

Азамат Барктабасов айыл тургуну

Райадминистрациянын берген белегине нааразы болгон активист Азамат Барктабасов өзүнүн жана үй-бүлөсүнөн атынан 30 миң сом тапшырды.

Балбан кызга ак бата берилди

Салтанаттын соңунда ардагер Замир Турдукулов балбан кызга ак батасын берди.

 

Барчын Мамытбекова