“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада быйыл 1-класска канча окуучу барат?

27 Август 2021 жыл 17:33
Көрүүлөрдүн саны: 230

Ак-Талаа районунда билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылына карата даярдоо класстарына  1-августтан бери  электрондук негизде каттоо жүрүп жатат. Азырынча канча жеткинчек кабыл алынганы тактала элек.

Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтканына караганда  биринчи класска  605 окуучу кабыл алынат.

«Биринчи класстын окуучулары былтыркы даярдоо класстарында окугандар. 1-сентябрда дагы бул санда өзгөрүү болушу мүмкүн. Анткени? сырттан келгендер же үй-бүлөлүк шартка байланыштуу кеткендер болот. Бирок канча окуучу болбосун мектептер 1-класстарды кабыл алат»,- деди.

Тема боюнча окуңуз:
Окуучулар салттуу окууну чыдамсыздык менен күтүүдө

Барчын Мамытбекова