Бүгүн райондук маданият үйү жана Нурак Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин биргеликте уюштурган маданий иш-чара белгиленди.
Иш-чаранын алкагында маданият бөлүмүнүн жетекчиси Марипа Муканова, аталган мектептин директору Венера Артыкбаева көрүүчүлөрдү жана комузчуларды комуз күнү менен куттуктады.
«Биздин элибиздин салттуу музыкасын комузсуз элестетүү мүмкүн эмес. Учурда баарыбыздын максатыбыз-комуздун жаңы маанисин ачуу, даңазалоо болушу керек. Комуз кыргыз элинин улуттук музыкалык сыймыгы, анын тарыхы бир канча кылымдарга барып такалат»,- дейт Марипа Муканова.
Иш-чаранын жүрүшүндө, Н.Абдрахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин мугалимдери жана окуучуларынын аткаруусунда белгилүү комузчулардын комуз күүлөрү чертилип, дастан, ырлар аткарылды. Ошондой эле, маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан комуздун коштоосундагы концерттик программа тартууланды.
Салтанаттуу иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн бири дагы катышкан жок.
Эске салсак, бул майрам 2019-жылдан бери белгиленип келет.
Барчын Мамытбекова