“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада жарандык коргонуу боюнча машыгуу өттү

9 Сентябрь 2021 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 229

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ак-Талаа райондук бөлүмү тарабынан 2021-жылга карата бекитилген  иш мерчемине ылайык жарандык коргонуу боюнча кезектеги машыгуу иштерин өткөрдү.

ӨКМнин Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн кызматкерлери

 

Машыгууга катышкан укук коргоо кызматкерлери

Машыгууга катышкан тиешелүү кызматтар

Машыгуу райондук суу чарба башкаралыгында өткөрүлүп, жер титирөө болгон учурда жарандарды эвакуациялоо, жарат алгандарга биринчи жардам көрсөтүү, өрттөн сактануу сыяктуу тапшырмалар аткарылды.

Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу, капитан Кылыч Суранбаевдин айтканына караганда мындай машыгуулар планга ылайык белгилүү бир убактарда өткөрүлөт.

Кылыч Суранбаев ӨКМнин Ак-Талаа райондук бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу

Машыгуу учурунда

Жабырлануучуга биринчи жардам

 

«Негизи жыл сайын өткөрөбүз. Былтыр пандемиялык кырдаалга байланыштуу өтүлгөн эмес. Күжүрмөн даярдыкта турган мекемеде өткөрүүнү чечтик. Бул машыгуу жер титирөөдөн кийинки өрт учурунда өзүн-өзүн сактоону, эвакуациялоону, бири-бирине биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөнүшөт. Машыгууга катышкан бардык-байланыш, энегетиктер, РИИБ кызматкерлери өкүлдөрү өздөрүнүн милдеттерин так аткарышты»,- дейт.

Барчын Мамытбекова