“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кымбатчылык кышка даярдык көрүүдө тоскоолдук жаратты

15 Сентябрь 2021 жыл 22:06
Көрүүлөрдүн саны: 58

Өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районунда кышка карата даярдык кеч башталды. Бүгүнкү күндө бюджеттик мекемелерге 695 тонна гана көмүр тартылды. Ал эми жалпы район боюнча кыш мезгилине карата  16 075 тонна көмүр керектелет.


Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Абдымалик Сулаймановдун айтканына караганда пандемия дээрлик бардык тармактарга терс таасирин тийгизүүдө.

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Абдымалик Сулайманов

“Анын ичинен кышка даярдык дагы. Себеби, илдет башталганда көмүр кесиминде чектөө кирген. Ошондой эле техникаларды оңдоп-түзөөдө маселелер жаралды. Негизинен “Турук” көмүр кесиминде көмүр казган төрт компанияга жана тиешелүү министрликтерге январь айынан баштап эле каттарды жибергенбиз. Бирок каражат тартыштыгы, кымбатчылыктын таасиринен бүгүн бир гана компания иш алып барып жатат.
Тендерге көмүрдүн баасы мурдагы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаттары бекитип берген баа менен коюлган. Бирок быйылкы унаа жана көмүр казуудагы тетиктер, күйүүчү-майлоочу майлар абдан кымбаттап кетти. Мына ушундай жагдайлар кенди кышка убагында даярдык көрүүгө тоскоолдук жаратты”,- дейт.

Ак-Кыя айылынын тургуну Назира Чыкын кызы

Ал эми Ак-Кыя айылынын тургуну Назира Чыкын кызы:

”Пандемияга чейин көмүр алып, санаабыз тынып калчу. Быйыл болсо мына кыш жакындап келатат. Айылга бир тоголок көмүр келе элек. Быйыл былтыркыдан дагы кымбат болот деп жатышат. Биздин айыл райондун борборунан 45 чакырым алыстыкта турабыз. “Турук” жана Кара-Кече көмүр кенинен жагабыз. Күн ачык болсо экен деп тилеп жатабыз. Анткени жол жабылса көмүрү жок калабыз”,- дейт.

Акимдин орун басары Абдымалик Сулайманов мекеме-ишканалар көмүр менен камсыз болгондон кийин, дароо эле элге тартыларын кошумчалады.

Буга чейин Акталаада кышка карата көмүр тартуу иштери баштала электиги тууралуу айтылган.

Барчын Мамытбекова