Пандемия учурунда элеттик жаштар жеке ишкердикте, билим алууда, кайрымдуулукта, жардам көрсөтүүдө ишмердүүлүгүн токтоткон жок. Айрымдары коомдук иштерде жигердүүлүк көрсөтсө, атайын уюм түзүп, кайрымдуулук иштерин жасаган жаштар дагы жок эмес.
“Негизи көптөн бери эле кайрымдуулук фонд ачуу, муктаждарга жакындан жардам берүү максатыбыз бар болчу. Пандемия бул максатты тездетүүгө себепкер болду. Анткени кырдаал курчуп, жардамга муктаждар көбөйө баштады. Постто тургандарга, дарыгерлерге, мобилдик топторго кандай болбосун ысык тамак, дары-дармек ж.б. жардам уюштуруу зарыл болду.
Биздин уюм ушундай кыйын учурда түзүлүп, мыйзамдаштырылды. Демөөрчүлөр, кайдыгер эмес жарандардын жардамы менен бир топ иштер жасалды. Албетте тоскоолдук болду. Бирок талыкпай иштеш керек”,- дейт “Ак-Талаа-Баетов” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мирбек Доктуралиев.
Мындан сырткары фонд оор илдетке кабылган жарандарга дагы жардам берип, кайрымдуулук иштерин жасап келет.
Ал эми Кайыңды-Булак айылындагы Бакый Мүсүралиева атындагы орто мектебинин жаштар уюмунун жетекчиси Эсенгул кызы Аманбү пандемия деги эле бардык адамзатка терс таасирин тийгизип келгенин айтты.
“Анын ичинен, жаштардын ишмердүүлүгүндө ар кандай максаттарына жетүүсүнө тоскоолдуктар болду. Мисалы, мен канчалык жаңы технологияны пайдаланып, аралыктан билим бергеним менен баланын маңдайында туруп сабак өткөнгө жетпегенин түшүндүм. Жаштар уюмунун жетекчиси катары бүтүрүүчүлөрдү кесипке багыт берүү максатында бир катар иштерди пландагам. Анын бир азын ишке ашырганым менен басымдуу бөлүгү аткарылбай калды. Ал эми пандемия учурунда айылдын жаштары, анын ичинен быйыл мектепти бүтүп кеткен 11- класстын окуучулары менен биргеликте акча каражатын чогултушуп, мектепке керектүү самын, салфетка, антисептиктер менен камсыз кылып беришти”,- дейт.
Ошондой эле кырдаалга карабастан бүтүрүүчүлөрдү райондун борборундагы айрым мекемелерге алып барып, алардын иши, милдеттери тууралуу тааныштырганын кошумчалады.
Пандемия элеттик жаштардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратканы менен аларды ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө түзгөн.
Үгүт айылынын жаштары айылды өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого алып, уюм түзүшкөн.
Жаштар уюмунун төрагасы Бактияр Сексенбек уулу: “Жаштар чогулуп, идеяларыбызды, көйгөлөрдү ортого салып, айылыбыздын өнүгүүсүнө салым кошууга максат койдук. Пандемияда жаштар каражат чогултуп, керектүү жабдыктарды алып берип жаттык. Албетте жардам менен эле чектелип калбай ай сайын жаштардын ар бир муундары футбол боюнча ынтымак оюндары, ,ошондой эле майрам күндөрү спорттук мелдештер өткөрүлүп турат. Буюрса көчөлөргө шагыл төгүп берели деп жатабыз”,- дейт.
Барчын Мамытбекова