Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында уюштурулган кочкорлор жарманкеси өтүп, жеңүүчүлөрү аныкталды.
Жерге-Тал айыл өкмөтү жана райондук айыл чарбасын өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан асыл-тукум мал чарбасын өнүктүрүү максатында кочкорлор жарманкеси уюштурулган. Жарманкеге Жерге-Тал, Коңорчок, Кош-Дөбө, Баетов жана Нарын районунун Пионер айылынан «Гиссар», «Эдилбай», «Арашан» жана «Тажик» тукумундагы кочкорлор көргөзмөгө коюлду.
Коңорчок айылынын тургуну Улук Байышов жарманкеге «Гиссар» тукумундагы 2 кочкор алып келген. «Өткөн жылы Ош жергесинен эки тиштүү кезинде ар бирин 35 миң сомдон сатып келгем. Учурда төрт тиштүү кочкорлор. Эки жолу куутка салдык. Бийиктиги 1 метр»,- дейт.
Ал эми Жерге-Тал айылынын тургуну Улан Шералиевдин «Эдилбай» тукумундагы кочкору учурда төрт тиштүү. Кочкордун артыкчылыгы- салмактуу деген Улан Шералиев кыргыз кочкорлорго караганда бою өтө бийик дейт.
Жерге-Тал айылынын тургуну Ахилес Нусупов: «Кочкорумдун жашы төрт тиштүү. «Тажик» тукумундагы кочкор. Бою 96 сантиметр. Сатпайм, көргөзмөгө эле алып келдим. Кочкорду 2 айлык козу кезинде Тажикстандан 25 миң сомго сатып келгем. Азыр 4 тиш жашындагы баасы 45 миң сом».
Баетов айылынын тургуну Русланбек Чороев: «Жарманкеге 4 тиштүү, 2 тиштүү жана козу кочкорлорду сатыкка жана көргөзмөгө алып келдим. Бул жерде «Арашан», «Эдилбай» жана «Гиссар» түркүмүндөгү кочкорлор. Чоң кочкорлорду 30 миң сомго, козу кочкорлорду 20 миң сомго баалап жатам».
Коңорчок айылынын мурунку айыл өкмөт башчысы Арстанбек Акиев: «Меники «Тажик гиссар» тукумундагы кочкор деп айтылат экен. Өзгөн районунан алып келгем. Булар башка кочкорлорго караганда бою бийик болбогону менен тулку бою жоон, мындан түшкөн козулар бачым төрөлөт экен. Ошондой эле биздин климатка, тоо-ташка багууга ыңгайлуу болот экен. Салмактуу болуп, эт багытындагы кочкорлор. Сатыкка алып келдим. Баалары 35 миң сомдон 50 миң сомго чейин».
Жарманкенин соңунда, 4 тиштүү, 2 тиштүү жана козу кочкорлор деп 3 топко бөлүп, салмагына жана көлөмүнө жараша жеңүүчүлөр аныкталды.
Кой тукумун асылдандыруу: Эт багытындагы гиссар койлору
Барчын Мамытбекова