“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Билим берүү мекемелеринде илдетти алдын алуу үчүн санитардык эрежелер сунушталган

21 Сентябрь 2021 жыл 18:36
Көрүүлөрдүн саны: 67

Жаны окуу жылы Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде салттуу режимде окутуу менен башталды. Бирок коронавирус илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн бир катар санитардык нормалар сакталуусу зарыл.


Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиевдин айтканына караганда быйылкы окуу жылында санитардык айрым эрежелерди сактоодо бир катар сунуштар коюлган.

Каныбек Эсеналиев Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы

“Билим берүү уюмдарында тиешелүү министрликтердин пандемия шартында окуу процессин уюштуруу боюнча атайын нускамага өзгөртүү киргизүү жөнүндө буйругу чыккан. Ага ылайык илдеттин алдын алуу максатында бир катар сунуштар киргизилген. Тактап айтканда бет капты тагынуу, аралыкты камсыздоо өңдүү эрежелерди сактоо сунушу киргизилген. Ошондой эле медициналык гана беткапты тагынуу зарыл. Ал эми ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз” дейт.

Окуу жылында билим берүү борборлору дагы ийримге мүчөлөрдү кабыл ала башташат. Сунушка ылайык окуучулар билим берүү уюмдарында, классташтары же жолдоштору менен баарлашууда 1метрден кем эмес аралыкты сактоо жана окуу процесси учурунда бет кап тагынуу зарыл.

Бакыт Садыкбаева Балдар билим борборунун ийрим жетекчиси

Балдардын билим борборунун музыка ийриминин жетекчиси Бакыт Садыкбаева:

«Ийримге жалпы отуздан ашык окуучу катышат. Бир сабакка ондой бала келип, машыгат. Азыр эми ар бир бөлмөгө антисептик каражаты коюлган. Кирип келатканда же сабак бүткөндө сөзсүз колдорун чайкашат. Илдеттен толук арыла элекпиз да, баары бир эрежелерди сактообуз керек»,- деди.
Мектептердеги окуу бөлмөлөрүндө жугушсуздандыруу үчүн медициналык каражаттар бар. Бирок  мугалимдер эмдөөдөн өткөнү менен окуучулар сабактан кийин үйлөрүнө кетишет. 11-класстын окуучусу Айдана Карыбекова былтыркыдай эле талаптарды сактап жатканын айтат:

Айдана Карыбекова 11-класстын окуучусу

“Сабактан баргандан кийин үйдү желдетип, арча түтөтүп турабыз. Колдорубузду жууйбуз. Лимон кошуп чай ичебиз. Эгерде класста бир окуучу чүчкүрүп же сасык тумоолоп калса, ал айланасындагылардын коопсуздугу үчүн сөзсүз бет кап тагынышы керек”.

 

Барчын Мамытбекова