Быйыл Ак-Талаа району боюнча 4 257 гектар дан эгиндери эгилген болсо, мунун ичинен 1 803 гектар аянтына буудай, 2 454 гектар аянтына арпа айдалган. Учурда дан эгиндерин оруп-жыйноо 81 % пайызга аткарылды.
Ал эми Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын орун басары Улан Шерипбековдун айтканына караганда оруп-жыюу өнөктүгү жакынкы күндөрдө жыйынтыкталат.
“971 гектарга чөп айдалган. Экинчи чабыкка 480 гектар гана чабылды. Быйыл кургакчылыкка жана суу жетпегине байланыштуу калганы чабылбай калды. Бүгүнкү күнгө 280 гектар эгин чабылып бүттү. 79 гектар калды. Комбайн бир аз тартыш болуп жатат. Комбайндар эскилигине байланыштуу маселе жаратып жатат. Бирок кышка калтырбай жыйнап алуу аракетин көрүп жатабыз. Күйүүчү майлоочу майлар жетиштүү. Оруп жыюуну 4-5 күн аралыгында жыйынтыктайбыз”
Айыл өкмөт башчылардын жана жер адистердин аракети менен Кош-Дөбө, Коңорчок, Жерге-Тал айылына дан эгиндерин чабууга Жалал-Абад облусунан 6 комбайн жардамга чакырылган болсо, ал эми Кара-Бүргөн айылына Ысык-Көл облусунан 3 комбайн тартылган.. Район боюнча жалпы 43 комбайндын 38и дан эгиндерин оруп-жыйноого тартылган.
Баетов айылында бир канча жылдардан бери күзгү оруп-жыюуда элге кызмат көрсөтүп келаткан Сыймык Сарыков: “Быйылкы түшүм былтыркыдай эмес” дейт.
“Былтыркыдай эле 1га.жерди 2000 сомдон чабабыз. Мындан сырткары күйүүчү май алып беришет. Бирок май дагы кымбаттады. Түшүм былтыркыга караганда аз. Быйыл орточо 18-20цн. айланып жатат. Сууга байланыштуу болуп калды го. Суу тартыш, жаан-чачын аз болду. Жылга жараша болуп калды го».
Акыркы учурларда айыл тургундары киреше жана чыгашаларды эсепке алып, уй-бүлөлүк каржыны максаттуу пайдаланууга аракет кыла башташты. Меселен элетте көп иштер күз айларына, башкача айтканда оруп жыюудан алган кирешеге жараша жасалат. Демек күзгү оруп жыюудан түшкөн киреше уй-булөлүк каржы маселелерине таасир этет. Баетов айылынын тургуну Асель Чоткараева түшүмдүн мол же аз болушу үй-бүлөдө каржы маселелерин жаратат деген ойдо.
“Биз да башка үй-бүлөлөрдөй эле киреше чыгашаларды алдын ала эсептейбиз. Айылда ошого жараша оокат кылабыз. Албетте түшүм болжогондой болбой калса үй-булөлүк каржыга таасир этет. Пайда албасак дагы чыгымын актаса жакшы. Бирок чыгымын дагы актабай калган учур болот. Анан пландаган нерселерди ишке ашырууда үй-бүлөдө талаш тартыш болот. Күздө жакшылык көп болот. Барбай кое албайсын. Ушундай маселелерди чечүүдө көйгойлөрдү жаратат”
Дыйкандардын эмгегин талаага таштабай, дан эгиндерин өз убагында жыйнап алалы. Ар бир үйдүн кырманы кызылга толсун деген жакшы тилек менен берүүнү аяктайбыз. Берүү Фридрих Эберт фондусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынды. Айтылган пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Фридрих Эберт фондусунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынды. Айтылган пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Даярдаган Барчын Мамытбекова