Ак-Талаа районунда жакынкы күндөрдө “кызыл зонаны” жаап, кадимки режимге өтүү болжолдонууда. Анткени учурда коронавирус илдети менен ооруган бейтаптар жок. Бирок пневмония менен дарыланып жаткан үч бейтап бар. Абалдары канааттандырарлык.
Акимдин орун басары Кенже Карагулованын айтымында райондо эпидемиологиялык абал жакшы.
“Илдет азайды деп санитардык эрежелерди эске албай коюуга болбойт. Дагы эле аралыкты сактоо, антисептик каражаттарды колдонуу керек. Эл арасында тынымсыз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз”,- деди.
Мындан сырткары, акимдин орун басары былтыр пандемия учурунда жаштардын жардамы менен оор кырдаалдан чыкканын, бирок быйыл тилекке каршы жаштар ар түрдүү маалыматтардан улам эмдөөдөн өтпөй жатышканын кошумчалады.
Ал эми Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун дарыгери Жылдызбек Көкөтаевдин айтканына караганда учурда эмдөөдөн өткөндөр 41 пайыз түзөт.
“Элге эмдөө боюнча туура маалымат жетпей жатат. Интернеттен окуп алышып, туура эмес пикирде калышууда. Бирок ошого карабастан калктын жигердүү(активдүү) катмары мугалимдер, мекемелердеги кызматкерлер, медицина кызматкерлери эмдөөдөн өткөндуктөн илдеттен арылып келатабыз. Өз ден-соолугуна кам көргөн ар бир жаран эмдөөдөн өтүүсү керек. Буюрса коронавирус боюнча “Кызыл зонаны” жабууну пландап жатабыз” дейт.
Барчын Мамытбекова