Пандемия шартына карабастан учурда дыйкандар күзгү оруп-жыюу, түшүм жыйноо иштерин өз убагында бүткөрүп алуу аракетинде. Антпесе жай бою жасаган эмгек кар алдында калуусу толук мүмкүн.
Баетов айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Улан Шерипбековдун маалыматына караганда коронавирус илдетине байланыштуу кырдаал дыйкан-фермерлерге кедергисин тийгизген жок.
“Быйыл деле дыйкандар айдап -себүү иштерин убагында баштап, убагында жыйнап жатышат. Албетте кымбатчылыктын таасири болду. Май, үрөн кымбаттады. Бирок дыйкандардын эмгегин талаага кетирбей, кар алдында калтырбай жыйнап алууга аракет кылдык”,- деди.
Ал эми Баетов айылынын тургуну Чолпон Абдылдаева: “Жылда үйдөгү бакчанын чакан аянтына чеснок айдайм. Жылдагыдай жакшы эле түшүм алдым. Өзүмдүн керектөөмө алып калып, калганын сатып жибердим. Эми бизде жашылча-жемишти гектарлап айдабагандан кийин өзүбүзгө жеткидей түшүм алабыз. Чыгашаны актайт, кээде өзүн гана жаап калган учур болот. Бирок түшүм бир жылы жакшы, кийинки жылы начар болуп калуусу пандемиядан эмес. Ошол айдалган жерди карап, убагында сугарып, отоо чөптөрдөн арылтып багып турганда”,- дейт.
Барчын Мамытбекова