Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагында жаштар менен бирге иш алып баруу үчүн аракеттер көрүлүп жатат. Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына караганда жакынкы аралыкта бир долбоордун алкагында жаштар менен иштешүү алдында турат.
“Чындыгын айтканда жаштарды айыл өкмөттүн ишине тартуу, ишке орноштуруу өңдүү иштерди жасай албай жатабыз. Бирок буюрса айылды өнүктүрүү үчүн бир катар иштерди чогуу алып баралы, алардын өтүнүчү менен спорт залды ишке киргизели деген пландарды коюп жатабыз.
Эгинди оруп жыюу башталган кезде жаштар өздөрү демилге көтөрүп, айдоо аянттарын жылкыдан кайтаруу максатында корук уюштурушту. Бул абдан жакшы жардам болду”, -дейт.
Ал эми Баетов айылындагы жаштар уюмунун мүчөсү Гүлжаз Капарбек кызы: “Атуул катары айылыбыздын өнүгүүсүнө салым кошушубуз керек. Негизи жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жаштардын ортосунда бир аз ажырым бар. Башкача айтканда жаштарды колдоо, алар менен бирге маданий, спорттук иш-чараларды өткөрүү, алардын мүдөөсүн угуу, маселелерине көңүл буруу жокко эсе. Мындан сырткары жаштарга жумуш ордун түзүү боюнча дагы максаттуу иштер жасалса деп ойлойм”,-деди.
Жаштар коомдо зор күч жана алардын билимин, акылын, демилге жана идеяларын айылды өнүктүрүү үчүн багыттоо керек дейт Баетов айылдык кеңешинин депутаты Сатар Каленов.
“Негизи жаштар менен бирге иш алып баруу керек. Мага алар менен иштеген жагат. Анткени, азыркы жаштардын амбициялары күчтүү. Өз алдынча долбоор жазып, иш-аракеттери менен алар өздөрүнүн бар экендигин, колунан иш келерин далилдеп жатышат”,- дейт Сатар Каленов.
Барчын Мамытбекова