“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Өрттүн кесептети орду толгус жоготууга алып келет

30 Сентябрь 2021 жыл 21:14
Көрүүлөрдүн саны: 161

Ак Талаа райондук №47  Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери өрт коопсуздугунун стандарттары жана өрт учурунда биринчи кезекте кандай аракеттер көрүлүшү керектиги тууралуу айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Райондук бөлүмдүн офицери, улук лейтенант Бакыт Үтүкеевдин айтканына караганда калк арасында өрттөн сактануу, анын кесепеттери жөнүндө түшүндүрүү иштери жыл бою жүргүзүлөт.

Бакыт Үтүкеев райондук бөлүмдүн офицери, улук лейтенанты (маалымат берүүдө)

«Өрттүн кесепеттери балдардын өлүмүнө алып келген учурлар катталат. Анткени үйдө чоңдордун кароосу жок калган балдардын от менен ойноосу буга себеп болот. Ошондуктан ата-энелерге жана балдарга өрт коопсуздугу, сактануу эрежелери боюнча үйлөрдү, соода түйүндөрүн кыдырып, алдын алуу үчүн маалымат бердик», -дейт.

Мындан сырткары күздө, оруп-жыюу маалында дагы өрт кырсыктары көбүрөк кездешет. Анткени техникалардын  абалын текшерип, өрттү алдын алууга маани бербей коюшат деп кошумчалады.

Техникалардын абалын дагы текшерип туруу керек. Кылыч Суранбаев  (ондо) Ак-Талаа райондук ОКБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу

 

Наргиза Ырысбекова