“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Улуулардын баскан жолу балдарга тарбия

1 Октябрь 2021 жыл 20:07
Көрүүлөрдүн саны: 129

Ак-Талаа районундагы балдар билим борборунун окуучулары  өз колдорунан жасалган белектери менен менен улгайган адамдарды куттукташты.

Венера Молдакунова «Чебер колдор» ийриминин окуучулары менен

Улгайган адамдардын күнүнө карата апаларды куттукташты

Борбордун «Чебер колдор» ийриминин жетекчиси Венера Молдакунованын айтканына караганда окуучулары менен бирге Баетов айылындагы эки адамдын үйүнө барышып, чакан белектерин беришти. Ошондой эле аларга арнап ыр окуп беришти.

Ийрим мүчөлөрү чакан белектерин беришти

Куттуктап келген окуучуларды абдан жакшы кабыл алышты

Венера Молдакунова окуучулары менен апаларга майрамдык маанай тартуулашты

«Улгайган адамдардын күнүнө карата өзүмдүн демилгем менен  бир аз жеке каражатыма белек алып, окуучулар менен чогуу майрамдык маанай тартууладык. Апалардын үйүнө барып, алардын батасын алдык. Негизги максатым-окуучуларды улууларды сыйлоого, алардын баскан жолунан үлгү алууга, камкордук кылууга тарбиялоо болду. Айтып бергенге караганда алардын өздөрү барып, апалардын насаатын угуп, батасын алганы таасирдүү болду. Алардын ар бир сөзү, баскан жолу келечек муун үчүн тарбия» дейт ийрим жетекчиси Венера Молдакунова.

Наргиза Ырысбекова