“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жеңишке жеткендеги сезимдерди айтуу кыйын…

1 Октябрь 2021 жыл 20:32
Көрүүлөрдүн саны: 106

Ак-Талаа районунда мектеп окуучулары  Россияда өткөрүлгөн VII эл аралык армия оюндарында (АрМИ-2021) ийгилик жараткан Талантбек Илимбеков менен жолугушту.


Жолугушууга райондук аскер комиссариатынын комиссары Урматбек Икрамбаев, мектептин аскерге чейинки даярдык сабагынын мугалими Шаршенбек Мурзабеков жана мектеп администрациясы катышты.

Талантбек Илимбеков(солдон биринчи), аскер коомиссары Урматбек Икрамбаев (Солдон экинчи) , Шаршенбек Мурзабеков (солдон үчунчү), Жыпар Кубатбекова мектептин уюштуруучусу

Мектеп окуучулар Талантбек Илимбековго кызыккан суроолорду беришти

«Десанттык взвод» мелдешинде команданын капитаны  Талантбек Илимбеков аталган мектепте окуганын, баса белгилеп окуучуларды Ата Мекенин коргоого, сүйүүгө, ал үчүн кызмат кылууга жана билим алууга  чакырды. Ошондой эле аталган мелдештеги жеңиш жөнүндө айтып, окуучулардын суроолоруна жооп берди.

Мектеп окуучулары эстеликке сүрөткө түштү

Талантбек Илимбеков машыгуу жана даярдыктар тууралуу айтып берди

«Мелдештин жүрүшүндө кыйынчылыктар болду. Мен танкалык экипаждын ичинде командирлик милдетти аткардым. Үчтөн танкист менен 3 экипаж катыштык. Биринчи жарышта үчүнчү чыктым. Андан кийинки 2-3-жарышта биринчи чыгып жаттым. Биринчи жолу катыштым», — деди.

Ал андан ары сөзүн улап, буларга токтолду.

«Мелдешке катышуу үчүн январь айынан тартып эле Баткенде машыгуу, даярдануудан өткөнбүз. Албетте, жеңишке жеткенибиздеги сезимдерди сөз менен айтуу кыйын. Аябай кубанычта болдук. Танкалык биатлондо буга чейин деле кыргыз армиясы 5-6-орундарды камсыздап келишкен. Бул дагы өтө чоң ийгилик. Бул жеңиш өзгөчө болду. Мындан ары дагы мелдешке жөнөтсө, бара беребиз. Ал эми аскердик кызматымды ардактуу эс алууга кеткичекти уланта берем.  Ата Мекенге кызмат кылам!» — деди Т.Илимбеков.

Андан соң мугалимдери менен окуучулук кездеги окуяларды эскеришти.

 

Барчын Мамытбекова