“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Таза суу маселеси акырындап жолго коюлат

27 Октябрь 2021 жыл 14:59
Көрүүлөрдүн саны: 127

Ак-Талаа районунун борбору болгон Баетов айылындагы суу түтүктөрү колдонууга берилгенден тартып бир да жолу капиталдык ремонттон өткөн эмес. Ошондуктан эскирген түтүктөр тургундарга айрыкча кышкысын көйгөй жаратат. Бул тууралуу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев айтты.

Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

«Таза суу чындыгында кыйынабалда. Суу түтүктөрү эски, 1965-жылы колдонууга берилген. Ошондон бери бир дагы капиталдык ремонттон өткөн эмес.  Кышкысын ар кайсы жерден жарылып, көчөлөрдү суу каптап, бир топ кыйынчылык жаратат»
Бирок тургундарды таза суу менен камсыз кылуу акырындап жолго коюлууда. Учурда айылдагы айрым четки көчөлөргө тургундардын өздүк салымы жана кол күчүнүн жардамы менен таза суу киргизилип жатат.
Кадыралиев көчөсүнүн жашоочусу Нургул Жээнбекова буга чейин да суу чыгарууга аракет кылганыбыз менен эмгек текке кетти дейт.

Нургул Жээнбекова К.Каыралиев көчөсүнүн жашоочусу

«Көчөнүн тургундары өзүбү аракет кылып, бирок көп жолу эмгегибиз текке кетти. Кудук дагы казып көрдүк. Жаштар демилге көтөрүп, кайрылып жатып эми мына суу кирип калды үйлөргө».

Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин маалыматына караганда айыл тургундары жолугушуу учурунда таза суу менен камсыз кылуу маселесин көтөрүшкөн.
«Биз жаңы кызматке келип, эл  менен жолуккан учурда тургундар таза суу маселесин көйгөйлүү деп айтышкан. Депутаттар менен сүйлөшүп, жериликтүү бюджетке өзгөртүү киргизип, каражат жагынан жана техникадан жардам берип жатабыз. Эң биринчи элдин көйгөйлүү маселелерин чечели деп бюджеттеги каражатты мыйзамга ылайык котордук»

Мамет Абышбаев көчөсүнүн жашоочусу Алтынбек Субакожоев жакында көчөсүндө суу чыгарууга көмөктөшүп жатканын айтты.

Алтынбек Субакожоев М.Абышбаев көчөсүнүн тургуну

«Айыл өкмөттүн жардамы менен үйүбүзгө суу киргени калды. Буюрса аз жумуш калды. 2-3 жылдан бери суудан кыйналып жатканбыз. Эми айрым жумуштарды өзүбүз жасап жатабыз»
Суусуз жашоо жок деген Нургул Жээнбекова кышкысын малды суу ташып сугаруу балдар үчүн кыйынга турганын кошумчалады.
«Сууну балдар ташыгандыктан кыйын болуп кетет экен. Малга ташып беребиз. Балдарыбыз ыйлачу. Мына эми ар бир үйгө суу кирип жакшы болуп калды. Жашообуздун баары сууга байланыштуу».

М.Абышбаев көчөсүндө сууну бургулоо иштери аяктап калды

Баетов айылын таза суу менен толук камсыз кылуу максатында Азия өнүктүрүү банкына долбоор сунушталган. Тендерди утуп алган тарап келип аннотациясын алп кетишкен. Ал эми айыл тургундары 1млн сомдон дон ашык өздук салым, кол күчү жана 514 мин сом жергиликтүү бюджеттин каражаты менен 4060м таза суу түтүгүн тартып алышты.

Таза суу үчүн тургундар өздүк салым кошуп, кол күчү менен жардам беришти

Таза суу үчүн желим түтүктөр

Материал Фридрих Эберт фондусунун Кыргызстандыагы өкүлчүлүгү тарабынан колдоого алынды. Айтылган пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Барчын Мамытбекова