“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Элди көмүр менен камсыз кылуу-негизги маселе болууда

3 Ноябрь 2021 жыл 20:53
Көрүүлөрдүн саны: 133

Бүгүн 3-ноябрда  райондун акими Жумадилла Жапаров бир топ тиешелүү кызматтын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары менен «Турук» көмүр кенинде иштеп жаткан ишканаларда болуп, («Турук-Майнинг», «Кенч-Строй») тазалоо, казуу, жүктөө  иштери менен таанышып чыгышты.

Жумадилла Жапаров(ондон солго биринчи) район акими. «Турук» көмүр кесиминдеги иштер менен таанышты

Акимдин тапшырмасы менен  райондун аймагынан  барган 10 автоунаага көмүр жүктөп берилди.

Андан соң  4-ноябрдан 10-ноябрга чейин  (7 күн)  көмүр тартуу иштерин убактылуу токтотулду. Бул аралыкта Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорунун автоунаалары кирбейт.  Себеби  эки ишкананын тазалоо иштерине тоскоолдуктар болуп жаткандыктан чечим кабыл алынып, Ак-Талаа РИИБ тарабынан пост уюштуруу милдеттендирилди.

Мындан тышкары аким Ж.Жапаров «Саячык» кенинде болду. «Саячыкка» дагы 7 күндүк мөөнөт берип андан кийин элге көмүр берүүсүн жана бир жуманын ичинде “Турук” көмүр кенинде иш алып барган эки ишканага (Турук-Майнинг, Кенч-Строй) тазалоо иштерин бүтүрүүнү жана элге көмүр отунун үзгүлтүксүз берүүнү тапшырды.

«Турук» көмүр кесими

Ал эми көмүр кесимине кошо барган Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев учурда айыл тургундары үчүн 2 тонна гана көмүр тартылганын айтты.

Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

«Жалпы сегиз тонна көмүр керектелет. Дагы  алты тонна тартуу керек. Азыр бир жумага жабуу чечими кабыл алынды. Буюрса жакын араларда көмүр тартылып баштайт. Кар жааса дагы, элди толук камсыз кылабыз. Бул үчүн болгон аракетти жумшап жатабыз. Бирок ошентсе дагы тургундар Кара-Кеченин көмүрүн деле ала берсе болот» деди.

Материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт фондусунун колдоссу менен даярдалды. Ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.

Барчын Мамытбекова
.