“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Спорт тармагын өнүктүрүү негизги максаттардын бири

30 Ноябрь 2021 жыл 20:14
Көрүүлөрдүн саны: 144

Баетов айылы Ак-Талаа районунун борбору болгондуктан маданий, спорттук иш-чаралар райондук жана айылдык деңгээлде  өтүп турат.

Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына караганда спорт тармагын өнүктүрүү, бул тармакта иш алып баруу, мелдештерге, спортчуларга колдоо көрсөтүү негизги багыттардын бири.

Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

«Айыл аймакта спорт тармагын жандандырууга жаштар менен бирге  аракеттерди көрүп жатабыз. Жаштардын бош убактыларын пайдалуу өткөрүү, сергек жашоо образы калыптандыруу, айыл аралык ынтымакты чыңдоо жана башка максаттарды ишке ашыруу үчүн спорт аянттарын, залдарды  калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Кулубай көчөсүндөгү Баетов айылына таандык  көп убакыттан бери иштебей турган спорт зал жаштардын демилгеси менен оңдолуп түздөлдү. Ал эми  жылуулук системасы үчун  396 миң сом бөлүнгөн. Даталуу күндөрдө жаштар арасында кичи футбол, волейбол, жеңил атлетика  жб. спорттун түрлөрү боюна мелдештер өтүп турат» дейт.

Жаштардын демилгеси менен оңдолгон спорт зал

Майрам күндөрдө спорттук мелдештер өтүп турат

Ал эми Баетов айылынын тургуну Гүлжаз Капарбек кызы айыл өкмөт тарабынан командалардын мелдештерге катышуусу үчүн колдоо көрсөтүлүп турат дейт.

Теңир Тоо лигасында волейбол боюнча кыздар командасы байгелүү орун алган

«Быйыл Теңир Тоо лигасында оюн көрсөткөн эки жана Баетов айылынын атынан катышкан кыздар командасына колдоо көрсөттү. Жыйынтыгында 1-орунду камсыз кылганбыз. Албетте колдоо-бизге дем күч берет. Негизи эле айылда спорт тармагын өнүктүрүүгө басым жасалышы керек»

 

Жаштар арасында дүйнө биринчилигинин күмүш медалынын ээси Калмира капарбек кызына 100мин сомдун сертификаты тапшырылган

Ш.Бейшеналиев атындагы инновциялык орто мектебиндеги кичи футбол аянты жакында колдонууга берилет

 

Мындан сырткары спортто дүйнөлүк аренада күмүш медалга ээ болгон Калмира Капарбек кызына жергиликтүү бюджеттен 100 миң сомдун сертификатф тапшырылган. Ошондой эле Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде кичи футбол аянтынын ачылышы болгону турат. Анын оюн талаасы үчүн 988488 миң сомдук тендерди «Аза Универсал» кампаниясы утуп алган.

Барчын Мамытбекова