“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Окуучулар кышкы каникулун спорттук оюндар менен өткөрүүдө

8 Январь 2022 жыл 11:48
Көрүүлөрдүн саны: 145

Ак-Талаа районундагы  Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары кышкы каникулду спорттук мелдештерге катышуу  менен кызыктуу жана пайдалуу өткөрүшүүдө.

Эстафетага катышкан мектеп окуучулары

Жигердүү катышкан ата-энелерге дипломдор берилди

4-январдан баштап мектепте эстафета боюнча жумалык башталып, ага 1-класстан баштап 11-класска чейинки окуучулар катышууда. Ага окуучулар ата-энелери менен биргеликте катышууда.

Мектеп директор Астра Токтогулованын маалыматына караганда спорттук оюндар кышкы каникул учурунда окуучулар арасында кылмыштуулукту алдын- алуу максатында атайын жобонун негизинде өткөрүлүп жатат.

Мектеп директору Астра Токтогулова жеңүүүлөргө диплом тапшырды

«Ар бир класстан 6 окуучу жана 6 ата-эне катышып, оюндар абдан кызыктуу өтүп жатат. Азыр иш күн эмес болгондуктан ата-энелер да жигердүү катышып жатышат».

Жыйынтыгында орунга ээ болгон класстарга, оюнга активдүү катышкан ата -энелер жана окуучулар грамоталар, дипломдор менен  сыйланышты.

Акбар Кеңешбеков