“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Көчөнүн жашоочулары жаңы аталышына нааразылык билдиришүүдө

6 Февраль 2022 жыл 16:50
Көрүүлөрдүн саны: 256

Ак-Талаа районундагы Кайыңды-Булак айылынын  «Интернационал» көчөсүнүн тургундары көчөнүн аты алардын макулдугусуз жаңы коюлганына нааразы болушууда.

«Интернационал» көчөсүнүн тургундары

Аталган көчөнүн тургуну Орозокан Садыкованын айтымында  бул жагдай боюнча көчөнүн жашоочулары бир жылга жакын убакыттан бери нааразычылык билдирип, тиешелүү тараптарга кайрылууларын жолдошкон.

Аталган көчөнүн тургундары Турдубек Дөөлөтов жана Орозокан Садыкова

«Биздин көчөдө 22 түтүн болсо, анын жыйырмасы көчөнүн атынын Букара уулу Керим деп өзгөрүшүнө каршыбыз. Жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып, токтом чыгарылгыча эле ошол кездеги кеңештин төрагасы  Билимбек Капарбек уулуна кат менен, ал учурдагы айыл өкмөт Талант Турусбековго да  кайрылганбыз. Бирок белгисиз себептерден улам  сессияда каралып, аты берилсин деген чечим чыгып калды. Кайрылуубузду жазып алып, прокуратурага, акимге, сотко чейин кайрылдык»,- деди.

Көчөнүн тургундарынын атынан Саадат Дөөлөева, Турдубек Дөөлөтов, Букен Токтокунова, Гүлжан Сөпүева ж.б тургундар Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевге көчөнүн атын кайтарып берүү талабы менен кайрылышты.

Билимбек уулу Капарбек жергиликтүү кеңештин депутаты (солдо), Алмаз Абдылдаев-Баетов айылынын айыл өкмөт башчысы (ортодо), Турдубек Дөөлөтов тургун( ондо)

Айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин айтканына таянсак, мыйзам боюнча  жергиликтүү кеңештин чечимин соттон башка эч ким жокко чыгара албайт.

«Мыйзам боюнча менин укугум жок. Мурдагы жергиликтүү кеңештин чечимин азыркы чакырылыштын дептуттары жокко чыгара албайт. Бул боюнча жарандар сотко гана кайрылуусу керек»,-дейт.

Ал эми мурдагы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин төрагасы Билимбек Капарбек уулу «Бул жерде жеке гана пикир келишпестик болуп жатат. Тармактык комитетте каралган. Менин милдетим-күн тартибине киргизип, сунуштоо. Калганын депутаттардын добушу чечет»,- деген оюн айтты.

Бир жылга жакын убакыттан бери тиешелүү жактарга кайрылышкан

«Интернационал» деген атты кайтарып берүүнү суранып келген көчөнүн тургундарына айыл өкмөт башчы А.Абдылдаев жакынкы аралыкта бул жагдай боюнча тиешелүү иштерди алып барарын айтты.

Барчын Мамытбекова