“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жоокер-интернационалисттердин урматына арналган турнир өткөрүлдү

13 Февраль 2022 жыл 18:23
Көрүүлөрдүн саны: 421

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Баетов айылында мекемелер аралык волейбол оюну боюнча  турнир өткөрүлүп, ага 14 команда катышты.  Ал Советтик Армиянын Авган жергесинен чыгарылып кеткендигинин 33 жылдыгына арналды.

Мелдешти уюштуруучулардын бири, Ардагерлер Кеңешинин төрагасы  Шаршенбек Мурзабековдун маалыматына караганда аталган турнир кеңештин демилгеси менен 4-ирет өткөрүлүп жатат.

«Оюндун негизги максаты Афганистанда кызмат өтөгөн, ошол жерде душмандын огунан окко учкан  жоокер интернационалисттердин, ошондой эле өз Мекенине кайтып келгенден кийин согуштун кесептетинен улам көзү өткөн жоокерлердин арбагына таазим кылуу болуп саналат. Алардын атын, элесин өчүрбөй сактоо ар бирибиздин атуулдук парзыбыз. Албетте азыр арабызда жүргөн согуш ардагерлеринин урматына дагы арналат»,- дейт.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө уюштуруучулар тарабынан  сыйлыктар, баалуу белектер жана ошондой эле Ак-Талаа райондук спорт бөлүмүнүн диплом, медалдары тапшырылат.

Баетовдо өткөрүлгөн спорттук иш-чаралар тууралуу окуңуз:

Улуттук оюндарды жайылтуу максатында мелдеш өткөрүлдү
Окуучулар кышкы каникулун спорттук оюндар менен өткөрүүдө

 

Барчын Мамытбекова