“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Ооган жергесиндеги күндөрдү айтып берүү оор…

14 Февраль 2022 жыл 21:41
Көрүүлөрдүн саны: 362

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде Ооган согушунун ардагерлери менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу Ооган согушунун аяктагынын 33 жылдыгына арналып, окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, эрдикти эскерүү, алардын Ата Мекен алдында аткарган жоокердик милдетине таазим кылуу максатында уюштурулду.

Авган ардагерлери жолугушуу учурунда

Адылбеков Таалайбек-Ак-Талаа райондук аскер комиссары

Ардагерлер окуучулардын суроолоруна жооп беришти

Жолугушууда ардагерлер Ооган согушундагы башынан өткөргөн оор күндөрдү эскеришип, окуучулардын суроолоруна жооп беришти.

Жаныбек Жолдошев-Ооган согушунун ардагери, Кызыл Жылдыз орденинин ээси

Конокбай Атабеков-Ооган согушунун ардагери

Сагынбек Маматов-Ооган согушунун ардагери

Ооган согушунун ардагери Жаныбек Маметов согушта өткөн күндөрдү эскерүү оор экенин айтты:

Жаныбек Маметов-Афган согушунун ардагери

“Ооган жеринен акыркы советтик жоокердин чыгарылып кеткенине 33 жылдын жүзү болду. Алгач Армияга чакырылганда атайын окуудан(учения) өттүк. Ошол жерден Афганистанга барарымды уктум. Мен ага чейин эле айдоочунун окуусун бүткөм. Барганда артиллериялык дивизиондо реактивдүү батареяда чалгынчы болуп кызмат кылдым. Бир нече жолу согуштук операцияларга катыштык. Андай күндү адамзатка каалабайм. Тынчтык болсун. Мекенге кызмат кылган эр-азамат болгула”.

Жолугушуунун соңунда жашы жеткен уландарга аскердик кызматка жарактуу деген күбөлүктөрү тапшырылды.

Жашы жеткен уландарга аскердик кыззматка жарактуу күбөлүгү тапшырылды

Күбөлүк тапшыруу учуру

Мектептин таланттуу окуучулары ыр бий тартуулашты

Ошондой эле мектептин таланттуу окуучулары даярдаган ыр-бий тартууланды.

 

Гүлжаз Капарбекова, Барчын Мамытбекова