“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Кыз-келиндер арасында спорт сүйүүчүлөр көбөйүүдө

19 Февраль 2022 жыл 21:41
Көрүүлөрдүн саны: 347

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде кыз-келиндер арасында  волейбол боюнча өтмө кубок жана аркан тартыш улуттук оюну боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аны райондук жалпы дарыгерлер  практикалык борбору уюштуруп, Баетов айылындагы мекемелерде иштеген кыз-келиндердин 8 командасы катышты.

Аялдар кеңеши оюн көрсөтүүдө

«Тынчтык» балдар бакчасынын кыздар командасы

Э.Карасартов жана Ш.Бейшеналиев мектебинин команадалары оюн көрсөтүүдө

Аркан тартыш оюну

Аркан тартыш оюнунда бала бакчанын командасы 1-орунду жеңип алды

Ак-Талаа райондук спорт инструктору  Улан Доктурбек уулунун айтымында өтмө кубок ай сайын уюштурулуп турат.

«Кубоктун негизги максаты-аялдар арасында сергек жашоо образы калыптандыруу, кыз -келиндер арасында спортко кызыгууну күчөтүү жана  кеңири жайылтуу  болуп саналат» дейт.

Жыйынтыгында  волейбол  боюнча 1-орунду Э.Карасартов мектебинин кыздары камсыз кылса,  2-орунду  Терек айылынан келген  команда жеңип алды.

3-орунга Ш. Бейшеналиев мектеби ээ болуп, кийинки оюнду өткөрүү кезеги Аялдар Кеңешине тапшырылды. Ал эми аркан тартыш боюнча 1-орунга «Тынчтык» бала бакча, 2-орун Ш.Бейшеналиев мектеби, 3-орунду Аялдар кеңешинин  командалары жеңип алышты.

Оюндун жүрүшүндө мыкты оюн көрсөткөн оюнчуларга сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөр уюштуруучулар тарабынан грматоалар менен сыйланды

Ш.Бейшеналиев мектебинин командасы аркан тартышта 1-орун, ал эми волейбол боюнча 3-орунга ээ болушту

Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин командасы

Улан Доктурбек уулу кыз-келиндер арасында волейбол сүйүүчүлөр көбөйүп жатканын, ар бир команда артыкчылыктарды көрсөтө алгандыгын кошумчалады.

Улуттук оюндарды жайылтуу максатында мелдеш өткөрүлдү 

Гүлжаз Капарбекова, Барчын Мамытбекова