“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

«Манас» деген чоң дүйнөгө баш багуунун өзү эрдик

28 Февраль 2022 жыл 23:00
Көрүүлөрдүн саны: 217

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде класс аралык «Манас таануу» интеллектуалдык таймашы болуп, ага  «Аян» (8-кл), «Сайып уруш» (9-кл) жана  «Эрешен (10-кл)  деген аталыш үч команда катышты.

«Манас таануу» интеллектуалдык оюнунун катышуучулары

Интеллектуалдык таймаш мектептеги кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси тарабынан уюштурулду. Оюнду уюштуруучулардын бири Бурул Жангазиеванын маалыматына караганда кыргыздын оозеки улуу мурасын муундан-муунга калтыруу негизги максат.

Бурул Жангазиева-кыргыз тили жана адабияты мугалими

«Манас» дүйнөсүнө баш багуунун өзү эрдик. Ага оңой менен адам батынып кире албайт. Ал эми ошол нерсени окуп түшүнүү, маани берүү андан дагы жооптуу иш. Бирок «Манас» баянын бир эле окуганда түшүнүүгө болот. Бул да бир өзүнчө касиеттир. Окуучуларды улуу мурас аркылуу патриоттуулукка, эли-жерин сүйүү, коргоого, ата-баба баскан жолду билүүгө, үйрөнүүгө, сабак алууга  тарбиялашыбыз керек»,- дейт.

Оюн 5 бөлүктөн туруп, улуу баяндын трилогиясы боюнча суроолор берилди.

«Сайып уруш» командасы райондук турга катышууга жолдомо алды

«Эрешен» командасы жана даярдаган мугалимдер Акмөөр Шералиева (солдо биринчи) , Айгерим Сатыналиева (ондон биринчи)

«Аян» командасы

Жыйынтыгында «Сайып уруш» командасы 1-орунга чыгып, райондук турга катышууга жолдомо алды. Ал эми «Эрешен» командасы 2-орунга, «Аян» командасы  3-орунга ээ болушту.

Аксана Жусупова