“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаадагы мектепте Нооруз майрамы белгиленди

20 Март 2022 жыл 16:34
Көрүүлөрдүн саны: 290

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде Улустун улуу күнү болгон Нооруз майрамын тосуу 18-март күнү сүмөлөк кайнатуу менен башталды. Сүмөлөктү  мектеп мугалимдери эл-жерге тынчтык, молчулук, токчулук  тилеп  бышырып жатышты.

Сүмөлөкту кайнатуу учуру

Сүмөлөктү мугалимдер жамааты кайнатып жаткан учуру

Улуу күнгө арналган салтанаттын  уландысы  мектептин спорт залында улантылды. Анда боз үй тигилип, жайлоонун элеси берген жашыл килем(ковер) салынды.  Салтанат учурунда кайнатылган сүмөлөк жакшы тилектер менен ачылып,  сүмөлөк менен бирге боорсок ооз тийгизилди.  Мындан сырткары окуучулар «Бекбекей», «Шырылдаң», «Жарамазан» өңдүү элдик ырлар ды аткарышып, улуттук каада, нарк-насилди эске салышты.

Салтанатка боз үй тигилди

Келген меймандага концерт тартууланды

 

Мектеп мугалимдеринин айтымында сүмөлөк биринчи  жолу кайнатылып жатат. Ошондуктан жамаат үчүн абдан кубанарлык жаңылык болду. Нооруз майрамына карата сүмөлөк кайнатуу демилгеси кыргыз тили мугалимдерине таандык. Ал эми мектеп администрациясы, жамаат  бардык жактан колдоо көрсөттү.

Мектеп администрациясы салтанатты өткөрүүгө колдоо көрсөтүп, демилгени колдоп беришти

Келгендер каалоо-тилектерин билдиришти

Майрамдык салтанатка чакырылган ата-энелер куттуктоо сөз айтышып, каалоо-тилектерин билдиришти.

Акбар Кеңешбеков