“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Жер-жемишти тоңдуруп сактоону үйрөнөлү

26 Март 2022 жыл 19:09
Көрүүлөрдүн саны: 137

APNIP долбоорунун алкагында Баетов айылында жаш келиндер эки жыл туура тамактануу, колду таза жуу, бакчаны бөлүштүрүү (огороддо) боюнча окуулардан өткөн. Жыйынтыгында «1000 күндүн аралыгында энелердин туура тамактануусу» аталышындагы атайын сынак уюштурулуп, 2 жашка чейинки баласы бар 8 адам катышкан.

Үйдөгү бакчаны туура бөлүштүрүү керек

Сынактын жеңүүчүлөрү

«Үлгүлүү үй» номинациясынын жеңүүчүсү, Баетов айылынын тургуну Айзат Орозакунованын айтымында сынакта үй тиричилигиндеги бардык тазалык эске алынды.

«Үлгүлүү үй» номинациясынын жеңүүчүсү Айзат Орозакунова

Сынактын жеңүүчүлөрүнө белектер берилди

«Балдардын туура тамактануусу, тамактануу пирамидасы боюнча суроолор болду. Бардыгына талапка ылайык туура жооп бергенге аракет кылып жаттым. Долбоорго коллективдин сунушу менен катышып калдым. Мен үчүн абдан пайдалуу болду, үйрөнгөндөрүмдү күнүмдүк турмушта колдонуп жатам. Кышкы салат  жана  шириндик  (компот) жаппай калдым.  Анткени, жемиштин кабыктарын кургатып (как), жашылчаларды убактысы өтүп кете электе алып келип тоңдуруп, кышка даярдап алгам. Бул балдардын туура тамактануусу, туура өнүгүүсү үчүн абдан жакшы экен. Быйыл дарбыз, коондон бери тоңдуруп алгам. Ал эми карагатты таза жууп туруп эле атайын идиштерге тоңдурдум. Малинаны дагы ар бирин өз-өзүнчө тоңдуруп алдым. Жазга чейин жеп чыктык», дейт.

Тоңдурулган  жер-жемиштер

Кургатылган жемиштер

Тоңдурулган жашылча-жемиштер сапатын жоготпой жазга чейин сакталат. Мындан сырткары, дары чөптөрдөн эрмен, малинанын жалбырагы, ромашканы кургатса болот. Ал эми тоңдуулуган дарбызды өтө эрип кете электе сүт менен кошуп ичсе, даамдуу коктейл болорун кошумчалады.

Карлыгач Калыкова