“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада өрткө каршы тактикалык машыгуу өткөрүлдү

28 Март 2022 жыл 21:10
Көрүүлөрдүн саны: 62

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында атайын иш мерчемге ылайык  “Жер титирөө жана өрт кырсыгы” аталышындагы  өрт тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдагы эрежелер боюнча маалымат берилди

Машыгуу Райондук Жарандык коргонуунун башчысынын орун басары – акимдин биринчи орун басары У.Жылтыров, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын жыйырма эки жана беш кенже кызматкери, Райондук айыл чарба департаментинин он кызматкери  кызматкерлеринин катышуусунда өткөрүлдү.
Райондук ЖКнун кызмат өкүлдөрү өз тармактарына тиешелүү темаларда дарстарды (лекция) өткөрүп, суроо жооп, пикир алмашуулар болду.

Тактикалык машугууга райадминистрациянын кызматкерлери катышты

Мындан сырткары, имаратта эмгектенген кызматкерлерге өрт өчүрүү жана куткаруу каражаттарынын пайдалануу эрежелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.


Өрт тактикалык машыгууга райондук ЖКнун (жарандык коргонуу)  коомдук тартипти камсыздоо, №47 өрт куткаруу, медицина кызматынын жана электр тармагынын (РЭС) өкүлдөрү катышты.

Акбар Кеңешбеков