“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Пандемияда ветеринардык адистер бир топ кыйынчылыктарга дуушар болду

28 Март 2022 жыл 20:49
Көрүүлөрдүн саны: 50

Пандемия учурунда жарандар өздөрүнүн коопсуздугун биринчи орунга койгон менен, андай көрүнүш айрым кызматкерлердин өз иштерин аткаруусуна бир топ эле тоскоолдук жаратты. Ак-Талаа районундук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспектору Мирбек Токтобаевдин айтымында пандемия учурунда ветеринардык адистер үчүн кыйла эле тоскоолдуктар болду.

Мирбек Токтобаев Ак-Талаа районундук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын инспектору

«Малды эмдөө үчүн айылдарга барсаң посттон киргизбей бир топ убара кылышчу. Мал ээлери чакырат, барсак малын кармап бербей качышат. Анткени, алар биз эл аралап көп жүргөндүктөн, вирус алып жүрүүчү катары ойлоп жатышты.  Ал аз келгенсип көтөргөн сумкабыз оор болгондуктан жеңил унаа менен чыгып алсаң, ар жерден МАИ кызматкери токтотот. Бирок биз баары бир өз ишибизди аткарыш керек болгондуктан акимдин уруксат кагазы менен айылдарга чыгып жаттык. Ага карабастан деле барчу айылга кире албай калып жаттык. Шуудураган күрмө берилген. Аны кийип алсак мал үркөт. Айтор кыйынчылык көп болду»,- дейт.

Пандемия күчөп турган маалда дагы ветеринардык адистер өз милдеттерин аткарып, уюшулган постко нөөмөткө туруп жатышты.  Коопсуздук кийим жок, кадимки кийим менен нөөмөткө тургандыктан бардык кызматкерлер ошол учурда ковид менен ооруп айыкканын кошумчалады Мирбек Токтобаев.

Барчын Мамытбекова