“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада мугалимдер жана окуучулар эл аралык сынактын жеңүүчүлөрү болушту

30 Март 2022 жыл 9:30
Көрүүлөрдүн саны: 48

Нарын облусунун Ак-Талаа райондук балдар билим берүү борборунун окуучулары менен мугалимдери эл аралык сынакта алдыңкы орундарды камсыздашты.

Сынактын жеңүүүлөрүнө дипломдор тапшырылды

Аталган борбордун директору Айнура Баязованын айтымында, «Көктөм-2022» аталышындагы эл аралык  онлайн-сынак өткөрүлүп, сынакка катышкандар бий, вокал, музыкалык аспапта ойноо, кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, көркөм окуу жана шайыр апалар тапшырмаларын аткарышкан.

Айпери Көчкөнбаева-сынактын жеңүүчүсү

Разана Турдубаева-сынактын жеңүүчүсү

Сынактын жеңүүчүсү Канышай Замирова

Окуучулар арасында кол өнөрчүлүк боюнча сынактын жеңүүчүлөрү:

— 1-орун — Айпери Көчкөнбаева;

— 2-орун — Асел Жеңишбекова жана Разана Турдубаева;

— 3-орун — Канышай Замирова жана Диана Нурланова.

Айкүмүш Кумарбекова-сынактын жеңүүчсү

Көркөм сүрөт тартуу боюнча:
— 2-орун — Айпери Көчкөнбаева жана Асел Жеңишбекова;

— 3-орун — Айкүмүш Кумарбекова жана Самаган Акматбеков.

Көркөм окуу боюнча:

— 2-орун — Гүлбүбү Эсеналиева менен Гүлнур Жылдызбекова.

Ал эми мугалимдер арасында вокал боюнча 3-орунду Жеңишгүл Бактыбай кызы, көркөм окууда 2-орунду Айпери Андашова ээлесе, вокал боюнча «Эл достугу» номинациясы менен Кайыргүл Айдаркулова, кол өнөрчүлүктө Венера Молдакунова сыйланышты.

Барчын Мамытбекова