Ак-Талаа районундагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинде мугалимдердин статусун көтөрүү, кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү максатында «Жыл мугалими-2022» кароо-сынагы болуп өттү. Ага мектептин алты мугалими катышып, жобого ылайык ачык сабак өтүү, мастер класс көрсөтүү менен бирге педагогикалык-психологиялык тесттен өтүштү.
Мектеп директору Азамат Дөөлөтбековдун маалыматына караганда сынак алдыңкы, мыкты тажрыйбаларды жайылтуу, аларга колдоо көрсөтүү үчүн уюштурулду.
«Педагогдордун кесиптик чеберчилигин өстүрүүгө, алардын коомдогу ордун көтөрүүгө, кесиптин баалуулугун арттырууга, мыкты инновациялык идеяларды жайылтууга жана колдонууга шарт түзөт»,- дейт.
Жыйынтыгында, 1- орунду география сабагынын мугалими Гүлбарчын Байшериева жеңип алды. Ал эми «Мыкты ачык» сабак номинациясына Айбек Секиев татыктуу болсо, Самара Сагынбекова «Санарип мугалим» деп табылды. Жеңүүчүлөргө айыл тургундары демөөрчүлүк кылып, акчалай жана сыйлык жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле жеңүүчүлөр сынактын райондук туруна катышууга жолдомо алышты.
Барчын Мамытбекова