Тоголок Молдо айылындагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин отуз окуучусуна «NАМА» фондунун «NICE Kyrgyzstan» уюму тарабынан «Bright» программасы боюнча уюштурулган билим берүү лагери өткөрүлдү. Лагерде окуучулар келечекке туура максат коюу, лидерлик сапаттарын өнүктүрүү боюнча жаңы маалыматтар менен таанышты.
Мектептин мугалими Анара Төлөбек кызынын айтымында Кыргызстандагы 18 мектеп аталган программанын максаттуу мектептери болуп саналат.
«Программа төрт багытта, тактап айтканда мектеп жетекчилиги, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер менен бирге иш алып барат. Окуучулардан соң алардын ата-энелери дагы ушундай эле тренингден өтүп, ата-энелер мектеби түзүлөт. Программманын окуучулар үчүн пайдасы абдан чоң. Мындан сырткары, эң мыкты окуган окуучунун окуу акысын(контракт) төлөп берүү боюнча дагы сунуштар болгон. Бирок талабы-ал окуучу абдан жакшы окушу керек. Балдар үчүн ушул куракта лидерлик сапаттарын өнүктүрүү, туура максат коюу жана ага жетүүгө умтулуу маанилүү»,- дейт.
Үч күндүк тренингдин соңунда окуучуларга сертификаттар тапшырылды.
Барчын Мамытбекова