Ак-Талаа районундагы Жоробек Сатылганов атындагы орто мектебинин ата-энелери үчүн «NАМА» фондунун «NICE Kyrgyzstan» уюму тарабынан «Parents» программасы боюнча уюштурулган атайын эки күндүк тренинг өткөрүлдү. Тренингдин негизги максаты ата-энелер менен мектеп байланышын чыңдоо, аларды мектеп жашоосуна аралаштыруу жана баланы туура тарбиялоонун жолдорун үйрөтүүгө багытталган.
Мектептин мугалими, тренер Асель Сапарбаеванын айтканына караганда программанын өнөктөштөрү Малазия, Кыргызстан, Индонезия жана Ливан өлкөлөрү болуп саналат.
«Негизинен мектеп, ата-эне, мугалим-үч тараптуу мамилени жана байланышын чыңдоо. Тренингден кийин ата-энелер балдарын көзөмөлдөп, алардын койгон максаттарына жетишүүсү үчүн жасап жаткан иш-аракеттерин көзөмөлдөп, максатка биргеликте жетүүгө жардамдашат»,- деди.
Ал эми өзүн мугалиммин, бирок ата-эне катары катышып жатам деп тааныштырган Эльмира Саякбаева:
«Мен буга чейин жөн эле балдарымды тарбияладым деп айтып жүрүптүрмүн. Кийими бүтүн, курсагы ток болсо эле ошол жетиштүү, ошол тарбия деп ойлойт экенбиз. Баланы кантип тарбиялаш керек, кандай мамиле кылуу керек экенин чынында билбейт экенбиз да. Эки күндүк окууда абдан көп нерсени үйрөндүм. Буюрса эми окуучуларыма дагы, өзүмдүн балдарыма дагы мамилемди өзгөртөм»,- дейт.
Эки күндүк тренинге катышып жаткандардын ичинен экөө аталар. Калганы окуучулар үчүн уюшулган билим лагериндеги балдардын апалары.
Алмаз Жунусалиевдин уулу 9-класста окуйт. «Балам окуп жатканда кызыкдар болгом. Бала менен ата-эненин ортосундагы жакындык, бири-бирине болгон мамиле, тарбия берүүнү үйрөндүк. Биз Советтер Союзунда тарбия алып, өскөндүктөн бизге чектөө бар болчу. Мисалы ата-энелерди угуу, сыйлоо, алар кандай оку же жаса десе ошону кылуу ж.б. Азыр эми бала менен ишти да сен жаса деп түртүп койбой биргелешип жасоо, кеңешүү сыяктуу, алардын мүмкүнчүлүктөрүн чектебей бирок убактысын туура пайдалануусун көзөмөлдөө сыяктуу көндүмдөрдү окудук. Эми мен үйдөгү бардык нерсени балдарым менен кеңешип, биргелешип чогуу жасайбыз деп максат коюп жатам»,- деген оюн айтты.
Программанын тренери Үмүт Маразыкова эки жылдан бери «Nama» фондусу менен иштешип келе жатат.
«Ата-энелер тренингден кийин көз карашы өзгөрөт. Анткени алар көп нерсе үйрөнүштү. Баарыбыз телефон карагандыктан байланыш, пикир алмашуу жок. Күнүмдүк маселелерди балдары бирге чечишпейт, үй-бүлөгө же тиричиликке байланыштуу маселелер тууралуу сүйлөшүшпөйт»,- дейт.
Барчын Мамытбекова