Учурда эл жана турак-жай фондун каттоо иштеринин башталганына туура 5 күн болду. Бул арада Ак-Талаа районунда 119 каттоочу, 3 координатор жана 12 инструктор атайын окуудан өтүп, улуттук статистика комитети тарабынан иштелип чыккан тиркемеге ылайык иш жүргүзүп жатышат. Ар бир каттоочуда бөлүнгөн аймагынын картасы бар. Ак-Талаа району боюнча эл жана турак-жай фондун каттоо өкүлү Ыман Мадиевдин маалыматына караганда жарандар каттоого жигердүү катышып жатышат.
«Учурда райондун калкынын жарымынан көбү катталып бүттү. Эгерде каттоочуларда кандайдыр бир суроолор болсо алар инструкторлорго кайрылып, жардам ала алышат. Алар келишимдик негизде иштеп жатышат жана ошого жараша акы төлөнүп берилет. Жаранды электрондук негизде каттап бүтүп, аны координаторго жибергенде жаран тууралуу маалымат каттоочудан дароо өчүп, ал серверде текшерилет»,- дейт.
Мындай эл каттоо өнөктүгү ар бир 10 жыл сайын өткөрүлөт. Аны менен калктын саны такталат. Мурдагы каттоого салыштырмалуу азыр каттоо электрондук түрдө жүргүзүлөт. Ар бир адам жарандыгы жана каттоосу бар же жок экенине жана туруктуу же убактылуу жашагандыгына, эмне менен алектенгенине карабастан, сурамжыланат. Бардык алынган маалыматтардын купуялуулугу сакталат.
Барчын Мамытбекова