“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Балдардын билим берүү борборунда «Кыз-Жигит» сармерден оюну өттү

31 Март 2022 жыл 13:18
Көрүүлөрдүн саны: 257

Ак-Талаа райондук балдардын билим берүү борборунда «2022-жыл-Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылына» карата жумушчу-кызматкерлердин арасында «Кыз- Жигит» сармердени болуп өттү. Анда тамашалуу ырлар, улуттук аспаптарда ойноо, жаңылмач, табышмак айтуу өңдүү элдик оозеки чыгармачылык боюнча тапшырмаларды аткарышып, өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Борбордун кызматкерлери өз өнөрлөрүн тартуулашты

Катышуучулар өз өнөрлөрүн тартуулашты

Борбордун директору Айнура Баязованын айтымында кыз-жигит оюну мугалимдердин бош убактыларын пайдалуу өткөрүүгө, чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, кызматкерлер арасында ынтымакты чыңдоого, маданий эс алууга багытталды.

Калыстар тобу-Жайдарбек Сыдыков-райадминстрациянын адиси (оңдо биринчи), Алмаз Абдылдаев -Баетов айылынын өкмөт башчысы (оңдө экинчи) Гулаиза Алымбаева (оңдо үчунчү), Айнура Баязова -БББнун директору (солдо экинчи)

Сармерденде Баетов айылынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын адиси Жайдар Сыдыков жана «Тынчтык» балдар бакчасынын башчысы Гулаиза Алымбаева калыстык милдет аткарышты.

 

Аксана Жусупова