Ак-Талаа районундагы Баетов айыл аймагынын алдында уюшулган «Талаа-Булак» СПАсына Дүйнөлүк банктын «Азык-түлүктү жана тамак-ашты жакшыртуу» долбоорунун алкагында 48 тн аммофос. 52 тн.кармовид жер семирткичтери келген.
«Талаа-Булак СПАнын жетекчиси Бакыт Акматовдун айтымында жер семирткич жана үрөндөр дыйкандардын үлүшүнө жараша берилди.
«Жер семирткичтердин баасы кымбат. Бирок булар долбоордун негизинде келип жаткандыктан СПАнын фондун жакшыртуу үчун жарым баада сатылды. Тактап айтканда, буудай 45 тонна келмек, азыр 20 тонна келип 30 сомдон мүчөлөрүнө сатылды. 30 тонна арпаны дагы ушундай эле жол менен келген сатып бүттүк»,-дейт.
Ал эми дыйкандарга үрөндөрдү себүү, жер-семирткичтерди колдонуу боюнча атайын адис-агроном кеп-кеңештерин берип турат. Ал дагы долбоордун алкагында үч жылга чейин жардам берип турарын кошумчалады.
Барчын Мамытбекова