Ак-Талаа районунда бүгүн ушул долбоорго байланыштуу тегерек стол болуп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, АРИСтин Нарын облусу боюнча координатору Талантбек Рысбаев, облустагы социалдык мобилизатору Гүлмира Токтосунова, АРИСтин Ак-Талаа районундагы эксперти Жаныбек Асылбеков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө АРИСтин Нарын облусу боюнча координатору, адистери жана райондук эскперти болуп долбоордун максаты, милдеттери, компоненттери, киреше булактарын колдоо программасы, гендердик аспект, дараметти жогорулатуу боюнча кеңири түшүндүрмө беришти.

Талант Рысбаев АРИСтин Нарын облусу боюнча координатору

Гүлмира Токтосунова АРИСтин Нарын облусундагы социалдык мобилизатору
АРИСтин Ак-Талаа районундагы эксперти Жаныбек Асылбеков долбоордун максаты жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердигин өркүндөтүү жана биргелешкен өнүктүрүү маселелерин чечүүдө жергиликтүү коомчулуктардын ролун жогорулатуу экендигин айтты.

«Өлкөдөгү COVID-19 кесепеттери менен байланышкан социалдык-экономикалык кырдаалга тийгизген таасирин азайтуу, айылдарда баштапкы медициналык-санитардык жардамга жана гигиенага жеткиликтүүлүктү кенейтүү ( социалдык инфраструктура обьекттерин каржылоо) ошондой эле климаттын артыкчылыктарына жана энергиянын натыйжалуулугуна көнүл буруу»,- дейт.
Аталган долбоордун негизги өзгөчөлүгү эч кандай конкурска катышпастан, өздүк салым чыгарбастан ар бир айыл аймакка бөлүнгөн акча каражатынын суммасына жараша долбоордун талаптарына ылайык иш алып барылат. Ошондой эле гендердик теңчиликти сактоо негизги критерийлердин бири.
Жыйынтыгында район акими Ж.Жапаров бардык айыл аймактардын айыл өкмөт башчыларына аталган долбоорго айыл аймактагы эң негизги көйгөйдү аныктап чыгуу жана бардык талаптары боюнча жигердүү иш алып барууларын тапшырды.