Ак-Талаа районунда 7 -апрель «Бүткүл дүйнөлүк ден-соолук күнүнө » карата мекеме-ишканалардагы кыз-келиндер арасында волейбол оюну өткөрүлүп, ага жалпы 8 команда катышты.

Мелдеш учурунда артыкчылык кылып, жакшы оюн көрсөткөн кыз-келиндер болду.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Кенже Карагулова катышып, райлн аймагында уюштурулуп жаткан иш-чараларга кыз-келиндер жигердүү катышып баштаганын белгиледи.

Ак-Талаа райондук жалпы дарыгерлер борборунун командасы

Мелдешке катышкан командалар

Жыйынтыгында 1-орунду райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун командасы камсыз кылып, ал эми 2-орунду райондук аялдар кеңешинин командасы ээледи. 3-орунга «Тынчтык» балдар бакчасынын командасы татыктуу болду.

Акимдин орун басары Кенже Карагулова-(оңдо) грамоталарды тапшырды

Спорттук иш чаранын байгеси Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы, акимдин резервдик фондунан каржыланды.
Барчын Мамытбекова