Ак-Талаа районундагы Мурзабек Балбаков атындагы орто мектебинде «Жашыл мурас» долбоорунун алкагында «Бир окуучу бир көчөт» акциясы уюштурулду. Акцияга мектеп администрациясы, мугалимдер жамааты, кенже кызматкерлер жана окуучулар жигердүү катышты.

Мектеп окуучулары көчөт отургузууда

Акцияга ылайык мектептин айланасына 150 түп мырза терек, 15 түп мажүрүм тал жана 10 түп ийне жалбырактуу карагай отургузулду.

Мугалимдер жамааты акцияга катышты

М.Балбаков атындагы мектептин директору Азамат Дөөлөтбековдун маалыматына таянсак көчөттөр айыл өкмөтү тарабынан алынып келинди.

Азамат Дөөлөтбеков М.Балбаков атындагы мектептин директору
«Көчөттөр мектептин айланасына жана суу баскан бош аянтка отургузулду. Бул жердин айланасын тосууну өкмөт менен бирге пландаштырып жатабыз. Буюрса жакшы карап, багабыз деп ойлоп жатабыз»,- дейт.
Акцияга Ак-Чий айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Бакыт Чиркеев, жергиликтүү кеңештин төрагасы Улан Жалилов дагы катышты.
Барчын Мамытбекова