Ак-Талаа районунда айыл чарба кластерин колго алуу, маданий өсүмдүктөрдү көбөйтүү максатында Жети-Өгүз районунан 8100 түп карагаттын көчөттөрү алынып келинди. Ар бир көчөттүн баасы 100 сомдү түздү.


Бул көчөттөр Баетов айыл өкмөтүндө 0.7 га муниципалдык жерге жана 0.65 га жеке жарандын жерине, Кош-Дөбө айылында 0.5га муниципалдык жерге, Коңорчок айылында 1 га муниципалдык отургузулду.
Көчөттөрдү отургузуу иштерине район акими Жумадилла Жапаров, биринчи орун басары Улан Жылтыров жана мекеме жетекчилери катышып, көчөттөрдү өстүрүү, түшүмдүүлүгү, кирешенин көлөмү тууралуу айыл тургундарына маалымат берди.


Мындан сырткары, Кош-Дөбө, Коңорчок айылдарындагы жазгы талаа иштеринин жүрүшү менен таанышып, дыйкандар менен жолукту.
Барчын Мамытбекова