“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаалык окуучулар мектеп лигасында жеңүүчү болушту

17 Апрель 2022 жыл 10:27
Көрүүлөрдүн саны: 178

Ак-Талаа районундагы Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары футбол боюнча өткөн «Мектеп лигасынынын» облустук турунда 1-орунду камсыз кылышты.

Жеңүүчүлөргө кубок тапшырылды

Футбол командасынын оюнчулары

«Мектеп лигасы» Нарын шаарында 15-16-күндөрү өтүп ага, облус боюнча мектеп окуучуларынын жети футбол команда катышты.

Аталган мектептин  дене тарбия мугалими Таалай Жыргалбек уулунун айтымында бул команда райондогу мектептер арасында өткөрүлгөн оюнда жеңүүчү болушкан.

Таалай Жыргалбек уулу-мектептин дене тарбия мугалими, футбол ийриминин жетекчиси

«Оюн эки тайпада жүрдү. Акыркы оюнда Нарын шаарынын командасы менен беттештик. Бардык командалар мыкты даярдыкта келишкен экен. Биздин балдар артыкчылык, шамдагайлык көрсөтүшүп, жеңип алышты» дейт.

Барчын Мамытбекова