“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада билимдүүлөрдүн «Билерман ордо» таймашы өттү

21 Апрель 2022 жыл 15:25
Көрүүлөрдүн саны: 427

Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинде «Билерман ордо» интеллектуалдык оюну өтүп, ага 18 мектептин командалары катышты.

Окуучулардын интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү, тез ой жүгүртүүсүн калыптандыруу, мектептер аралык ынтымакты  жана достукту чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Интеллектуалдык оюндун жүрүшүндө тарых, география, спорт, маданият тармагына тиешелүү жана логикалык суроолор берилип, жооптор кагаз жүзүндө алынды. Ойлонуу убактысы бир гана мүнөт болгондуктан окуучулар тез ойлонуп, жооп табууга аракеттенип жатышты.

Атайын сырттан келген калыстар тобу командалардын упайларын эсептеп,  жеңүүүлөрдү жарыялады.

Бердалы Календеров мектебинин командасы чемпиондук наамды жеңип алды

Сүйүнбек Атамбеков мектебинин командасы 2-орунду камсыз кылды

Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин окуучулары 3-орунга ээ болду

Жыйынтыгында, Бердаалы Календеров атындагы орто мектебинин «Акыл кенчи» командасы 1-орунга ээ болуп, чемпиондук наамды жеңип алды. Ал эми Сүйүнбек Атамбеков атындагы орто мектебинен келген «гриффиндор» командасы 2-орунду камсыз кылса, Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин командасы 3-орунга чыкты.

Чемпиондук наамды жеңип алган «Акыл кенчи» командасы интеллектуалдык оюндун облустук туруна жолдомо алды.

Жеңүүчүлөргө Ардак Грамота жана белектер берилди.

 

Барчын Мамытбекова

Сүрөт: Мээрим Тентиева