“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

23-апрель-Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү

22 Апрель 2022 жыл 20:29
Көрүүлөрдүн саны: 200

23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү. Дүйнөлүк адабият менен маданияттын көч башында турган Сервантес, Шекспир жана Инка Гарсилио де ла Вега сыяктуу классиктер 1616-жылдын 23-апрелинде дүйнөдөн кайтышкан. Ошондуктан, бул күндүн символикалык мааниси бар болгондуктан, ЮНЕСКО китеп менен автордук укукту урматтоо максатында аталган күндү атайын белгилөө жөрөлгөсүн иштеп чыккан.

Ал эми кыргыз өкмөтүнүн Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн бнлгилөө боюнча токтомду 2002-жылы кабыл алган. Бул күндө дүйнө жүзүндө дагы кандай майрамдар белгиленет? Төмөнкү видеодон көрүңүз

Барчын Мамытбекова