“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада китеп жана автордук укук күнү белгиленди

22 Апрель 2022 жыл 20:49
Көрүүлөрдүн саны: 355

23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү райондук Нуркул Кулназаров атындагы маалыматтык китепканада  белгиленди. Аталган иш-чарага жергиликтүү бийлик окүлдөрү, айыл тургундары катышты.

Китеп көргөзмө ачык асман алдында уюштурулду

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө ачык асман алдында  белгилүү жазуучулардын чыгармалар жыйнагы, балдар үчүн жомок китептердин көргөзмөсү уюштурулуп, кичинекей окурмандар тарабынан көркөм окуулар, чакан концерттик программа тартууланды.

Райондук китепканалар тармагынын директору Гүлжаз Сулайманованын айтымында китепке арналган иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп турат.

«Китеп илгертен эле адамга акыл кошуучу, жол көрсөтүүчү, илим-билимге сугаруучу бай казына болуп келген. Муну тарых дагы тастыктайт. Адам китеп окууну токтоткон учурда анын ой жүгүртүүсү дагы токтойт. Ошол себептүү китеп окууга кызыктыруу үчүн ар кандай окуу сынактарын өткөрүп келебиз» дейт.

Китепкананын директору Гүлжаз Сулайманова Бегайым Токталиевага Ыраазычылык кат тапшырды (оңдо биринчи)

Активдүү окурман Нурлан кызы Элнурага Ардак Грамота тапшырылды

Иш чарага айыл тургундары, китепкана кызматкерлери катышты

Иш-чаранын соңунда, аталган китепкананын «Китеп акыл мурасы» аттуу адабий музыкалык кече боюнча «Мыкты окурман» номинациясы менен Гүлбарчын Мамытбекова, «Кенже окурман» номинациясы менен Айганыш Урматова, жигердүү катышкандыгы үчүн Нурлан кызы Эльнура ардак грамота менен жана Бегайым Токталиева ыраазычылык кат менен сыйланышты. Ошондой эле, китепкананын кичинекей окурмандарына жомок китептер тартууланды.

Барчын Мамытбекова