“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Акталаада фельдшердик акушердик пунктун курулушу башталды

28 Апрель 2022 жыл 22:20
Көрүүлөрдүн саны: 117

Бүгүн Ак-Талаа районундагы Кызыл- Белес айыл өкмөтүндө «Ассанабил» кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен фельдшердик-акушердик пункт курулушу баштады.

Айыл өкмөт башчысы Мират Шерматовдун берген маалыматына караганда капсула салууга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл тургундары катышты.

«Кайрымдуулук фонд тарабынан курулушка 1 млн. 700 миң сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 250 миң сом каржыланган. Бул каражатка от казан, даараткана салынып, айланасы тосулат. Курулуштун жалпы наркы 1 млн 950 миң сомду түзөт»,- деди.

Ал эми айылдагы мурдагы ФАП авариялык абалда болгон.  Мындан сырткары акушердик пункт эки ай аралыгында бүткөрүлүп, колдонууга берилери пландалган.

 

Барчын Мамытбекова