“Тун-Ук” жамааттык мультимедиа борбору

Ак-Талаа району, Баетов айылы

Турак-жай салуу үчүн жер тилкеси күздөн баштап бериле баштайт

28 Апрель 2022 жыл 20:38
Көрүүлөрдүн саны: 152

Ак-Талаа районундагы Баетов айылында турак-жай үчүн жер тилкеси, таштанды, таза суу сыяктуу орчундуу  көйгөйлөр бар. Айыл ичинде таштанды эки жумада бир таштанды чыгарылганы менен тургундар аны сорттоп чогултууну  эске алышпайт.

Ал эми эми турак-жай салуу үчүн жер тилкесине он жылдап кезекке турган жарандар бар. Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаевдин маалыматына караганда трансформация боюнча иштер ортолоп калды.  Мындан сырткары таза суу киргизүү үчүн адистер топосъемкасын чыгарып жатышат.

Барчын Мамытбекова

 

Бул материал Кыргызстандагы Фридрих Эберт атындагы фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.